Menu

Куудул Келдибек Ниязов: “Албек, кабыл алсаң өзүңө айтаар кептер көп”

Бөлүшүү:

Борборубуздагы жетишкендиктерди, жетишпегендиктерди шаар тургуну катары кайдыгер карап тура албайт экенсиң. 69-жылы жаңы келгендеги «жашыл шаар» такыр эсимден кетпейт. Түнкү саат 12ге чейин автобус, троллейбус байма-бай ары- бери каттаганы. Ошол кезде жатаканага жетпей калам деген ой деле болчу эмес экен. Ала-Too кинотеатрынын айланасында эле жүрө берчү элек, көргөн кинону кайра-кайра көрүп. Курсак ачса Соң-Көлгө кирип 11 тыйынга борщ ичип. Нан ме­нен кумшекер столдо эле турчу эмес беле. Эми анын баары эсте калган күндөр болуп калды. Азыр болсо борборум үч нерсеге басылып калгандай сезилет. Тыгынга (пробкага), көрнөк-жарнактарга, анан бусиктерге. Шаар башчысы Албек мырза жакшы иштерди жасап жатат. Колдон келсе, каражат жетиштүү болсо бир эле убакта жолдордун баарын оңдоп салса жакшы болот эле, бирок андай болбой жатпайбы кашайгырдыкы. Биринчи көчөнү оңдоп жүрүп отуруп алтынчы көчөгө жеткенде, баягы би­ринчи көчө талкаланып калып жатпайбы. Эмне кылалы, түшүнүп эле жатабыз. Таштанды челектерге бастырма салдыңар, ал жагы көзгө жакшы көрүнүп калды. Бирок шаар тургундары өзүбүз тартиптүү болбой, пакеттерди жакын барып салбай алыстан ыргытып, аныбыз челекке түшпөй тескери кетип. чачылып жайнап жатат. Албек мырза мурдагы жылдын аягында бир жакшы иш баштадың эле, столбага кагаз чаптагандарды токготуп. Эми убакыт өттү, унутулду дегенсип, кайра салбыратып чаптай башташты. Аны токтотуш жолу оңой эле. Колуңарда бийлик бар. Театры болобу, цирки болобу, спорт ордосу болобу, башталаарына бир күн калганда жаптырып салгыла. Анан алар кагазын илмек турсун, столбаларга жакын жолобой калышат. Көрнөк-жарнактар илинчү жеринде илинсин. Бадырайта биринчи кыргызча, анан орусча, андан ары бөлөк тилдерде жазылса абдан туура го, Бишкек Кыргызстандын борбору да. Бир эле мисал Абдрах­манов Горький көчөлөрүнүн бурчундагы «Фрунзе» соода үйүнүн кире беришинде “кирүү” эмес “кируу” деп бадырайып жазылып турат. Мындай каталар шаар ичинде миңдеп саналат. Албек мырза, кечинде саат ондордо бир бусик менен көрнөк-жарнактарды тейлеген бөлүмдөрдүн кишилери менен шашпай кыдырып чыксаңар эле көрөсүңөр. Борборубузга мумкүнчүлүк болсо үч нерсени куруш керек экен. Биринчиен 5 миң киши бата турган заманбап концерттик зал. Мисалы спорт ордосу ордо болбой эле, жарманке сарайы болуп баратат. Эртең менен балчылардын жарманкеси, түштө балыкчылардын, түштөн кийин мода көрсөтүү, кечинде жылдыздардын концерти. Эми орустун Киркоров деген ырчысы бир күнгө келет экен. Спорт сарайыбыз сапырылып калбаса экен деп менде жан жок. Экинчиси, Д.Өмүрзаков атындагы стадион. Мындай стадиондор коңшу өлкөлөрдүн облус борборлорунда жайнап турат. Азыр жаштарыбыз жапырт футбол ойной башташты. Өлкөнүн курама командасы да жакшы ийгиликтерди жаратууда. Непада Брази­лия, Германия, Португалия командалары менен беттешип калышса кандай болуп кетет? Үчүнчүсү, ат майданы. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында үй-бүлөбүз менен ат оюндарын көрөбуз деп барып үч кече жетпей тыгындан кайра ке­тип калдык. Муну да эсиңерге алсаңар. Ат майданды шаар бийлиги өзүнө алды дегенди угуп сүйүнүп турам. Албек мырза, бир укканым бар эле, Кытайдан келген 1000 автобустун өлүгүн эмне кылабыз деп өкмөт башчысына кайрылганыңарды. Менде бир ой бар, аларды өзүбүздүн шүмшүктөргө сата көрбөгүлө. Алар кайра эле Кытайга өткөрүшөт ме­таллолом кылып. Ал жактан баягы өлүктөр кайра келет жаңырып. Аларды өзүнчө бир ээн жерге эки кабат кылып тизип, эшик, терезелерин бүтөп, свет, суу киргизип өзүнчө городок кылып койсоңор, үйү жок 1000 кишинин багын ачат элеңер. Болбойт го дешиңер мүмкүн. Бирок жаңы конуштарда узуну 3 метр туурасы 2 метр батирлерде 2000,3000 сом төлөп жашап жатышпайбы. Автобустардын узуну 10 метр, туурасы 3,5 метр. Ал автобустар шаарчасы менчикке берилбей, силердин карамагыңарда болуш керек. Албек мырза азырынча ушу, калганын дагы жазаармын, кабыл алсаң өзүңө айтаар кептер дагы көп.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: