Билим министри Гүлмира Кудайбердиева министрликтин ишин тарталбай жатат. Муну ачык эле айтышыбыз керек. Кыргызстанда биринчи жолу мугалимдер райондук билим берүү жетекчисине ачык каршы чыгып жатышат. Тактап айтканда, Ысык-Көл районундагы мектеп мугалимдери райОНОну бир канча жылдан бери менчигине айлантып отурган Абирова Дамираны кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Бирок, Кудайбердиевадан жыйынтык жок. Эмне үчүн Гүлмира айым Абированы калкалап жатат? Бул экөөнү байланыштырган кандай сыр бар?
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ