Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 адам кармалганы маалым болду. ИИМ болсо кенге байланыштуу чатакка тиешеси бар делген 130дан ашык киши суракка алынганын, алардын он чактысы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин тастыктаган. Эске сала кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда “Жи Эл Макмал девелопинг” компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышып, аталган компания салып жаткан имаратты өрттөп салышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча кытай компаниясы өрттөлгөн имараттын чыгымын 5 миллион доллар деп баалап жатат. Эми бул акчаны өкмөттөн өндүрүп алууну көздөп, арыз жолдогону жатканы айтылууда.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ