Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкексүт» ААК ишканасындагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкексүт» ААК ишканасындагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы заводдун өндүрүштүк аянттарын көрүп чыгып, ишкана жетекчилиги жана эмгек жамааты менен маектешүүнүн жүрүшүндө фермердик чарбалар тарабынан өз-ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун жаңы формаларын киргизүү маселесин талкуулады.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баскыч аркылуу ишканадагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди жана Өкмөттүн атынан «Бишкексүт» ААК жана «PepsiCo» компаниясынын эмгек жамаатын бул окуя менен куттуктады.

«Бүгүн биз жаңы технологиялык линиянын ачылышына күбө болуудабыз. Биз көрүп тургандай, эми компаниянын сүттү иштетүү көлөмүн үч эсеге дейре жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде учурда завод суткасына 60 тоннага жакын сүттү иштеп чыгарса, эми 200 тоннаны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошондуктан мен «Бишкексүт» менен кызматташкан фермерлерибизге кайрылгым келет: сүт саап алууну жогорулатуу жана анын сапатын жакшыртуу маселесине көбүрөөк көңүл буруңуздар», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы технологиялык линиянын ачылышы менен бир катар социалдык маселелер чечилип, жаңы жумушчу орундар пайда болуп, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга, ал эми дыйкандар жана фермерлер үчүн товар сатууга мүмкүнчүлүк пайда болуп жаткандыгына басым жасады. 

«Бул биздин Өкмөттүн ишинин эң башкы артыкчылыгы. Менимче, жамаат ишканада ачылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө абдан кубанып турат. Белгилей кетсем, биздин республика инвесторлор үчүн, алардын өз өндүрүштөрүн ачып жана бизнес менен тынч алектенүүсүнө дайыма ачык. Биз инвесторлор үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык аракеттерди көрөбүз», – деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама: Сүт категориясы «Бишкексүт» ААКнын ишмердигиндеги негизги багыттардан болуп саналат, мында 49 аталыштагы сүт продукциясынын кеңири ассортименти өндүрүлөт.

Жаңы өндүрүш линиясы суткасына 144 000 бөтөлкө сүт продукциясын чыгарууну камсыздайт.

Жаңы өндүрүштүк багытка инвестициялардын көлөмү 2 млн АКШ долларын түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: