Курултайда кыйын болуп лакылдаган Нариман Түлеевдин селпилдеген “селфиси” бүтпөй койду. Каерге барса эле ошондогу “жомогун” улантып калат. Антсе да илгерки былыктары толук ачылбаптыр да. Муну Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Канат Мүзүралиев эми ачыкка чыгарды. Негизи шаардын билерманы болуп турган кезинде далай майлуу жерлерди өзүнө менчиктеп алганы боюнча фактыларды чубап чыккан депутатка ыракмат гана айтышыбыз керек. Эгерде муну акырына чыгарышпаса тим жатпайм дегени да таасирдүү болду К. Мүзүралиевдин.
Эмнеге эле жаңы бийликке шыйпаңдап, кууланып калды десе “Бакиевдин” баласынын чала кылган көмүскө иштери бар турбайбы. Эл деген калыс тараза, канча митаамданса деле кубулма жүзү билинип калат. Ошондуктан кеткен кишиге тишти матыра бербей, келечекти да ойлоно жүрүш керек. Дале болсо шек жараткан иштерди чукуласа изи табыла берет. Айып төлөп эле кутула бергенди адат кылып алуу жакшы атка кондурбайт. Же баштан өткөндөр сабак болгон жокпу, Нариман мырза?
К. Балбаков
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ