Бүгүн, 23-майда АКШ жана Канададан 146 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, жарандарды ыкчам ташып келүү максатында уюштурулган атайын каттам менен АКШ жана Канаданын ар кайсы шаарларындагы КРнын жеке жарандык-жактары жана АКШда тажрыйба алмашуу программасы боюнча окуп жаткан 109 мектеп окуучусу, 37 студент келди.
Окуучулар жана студенттер тажрыйба алмашуу программасынын алкагында FLEX, International Student Exchange, North West Student Exchange, Fullbright окуп жатышкан. FLEX программасы боюнча окуп жаткандарды мекенге кайтаруу АКШнын элчилиги тарабынан акысыз жүргүзүлгөн.
Келээр алдында Америкалык Кеңештер окуучулардын медициналык текшерүүлөрүн жана аларга жекече коргоонуучу каражаттарын тапшырышты, ошондой эле, иш сапарынын учурунда сактанууга тийиш болгон санитардык эрежелер тууралуу маалымат беришти.
Бишкекке келгенден кийин жүргүнчүлөр саламаттыкты сактоо министрлигинин тест тапшыруу жана карантинге карата коюлган талаптарын аткарышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ