Эртең, 2-декабрда өлкө аймагында аба ырайынын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас облустарында түндөсү абанын температурасы -10…-15 градус, күндүзү -2…-7 градус болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында түндөсү -1…-6, күндүзү 0…-5 градус болсо, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10 градус болуп, күндүзү -3…+2 градуска чейин болот. Ал эми Нарын облусунда түндө -13…-18, күндүзү 0…-5 градуска чейин түшөт.
Мындай туруксуз аба ырайына байланыштуу 1-декабрдан тарта 3-декабрга чейин тоолуу аймактарда жана Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Ак-Таш, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ