Кечээ, 5- сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын Тергөө кызматы үчүн соттук реформанын негизинде жаңы мыйзамдын бет ачары болду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
2010-жылга чейин соттук тутумга жарандардын ишеними төмөн болгон. Ушуга байланыштуу, соттун ишин түп тамыры менен өзгөртүүгө туура келип, реформа жасоого түрткү болгон. Ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттер кылмыш кодекси жөнүндө реформанын негизин иштеп чыгышып, укук коргоо органынын алдына презентация түрүндө алып чыгышты.
Презентацияда кылмыш мыйзамын реформалоонун концептуалдык негизи тууралуу эксперттик топтун мүчөсү, юридика илиминин доктору, КОСУнун профессору Лейла Сыдыкова маалымат берди. Кылмыш кодексин кайрадан иштеп чыгууда майда кылмыштар жана укук бузуулар жөнүндө түшүнүк кирип, андан сырткары, юридикалык жардам берүү боюнча мамлекеттин кепилдигинин мыйзамы, Кылмыш-аткаруу кодекси иштелип чыкты.
Майда кылмыш иштери жөнүндө Кодекске киргизүүнү юридика илиминин доктору, КОСУнун профессору маалымдап кетти. Ал эми, эксперттик топтун мүчөсү, эл аралык эксперт Ирина Летова укук бузуулар жөнүндөгү кодекс жөнүндө айтып берди. Эксперттик топтун мүчөлөрү маалымдагандай бул жаңы мыйзам бир нече жылдын ичинде иш жүзүнө ашат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ