Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып, баяндамачы Канат Исаев болду. Исаевдин берилген суроолорго түзүктөп жооп бере албай какаганы мыйзам долбоору башка жакта токулуп, Канатты көпчүлүк коалициянын лидери катары сен баяндамачы болуп кой дегени көрүнгөнсүдү. Аида Салянованын “Урматтуу Канат Кедейканович, башка юристтерге сөз бербей өзүңүз жооп берсеңиз. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү кайсы берененин негизинде сунуштап жатасыңар? Анткени референдум өткөрүү боюнча мыйзамды кабыл ала элекпиз да” деген суроосуна Исаев учурдагы Конституциянын 114-беренеси экенин айтса, Салянова ал такыр башка берене экенин айтып, конкреттүү негиз келтирүү талабын койду эле, Канат эмне деп жооп берерин таба албай калды. Канаттын улам какап жатканын байкаган Чыныбай Турсунбеков “Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам жол берерин буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бизди ынандырган. Биз ошол жол менен кетип жатабыз” деп жооп бере салды. “Бирөөнүн айтканы менен эмес, Конституциядагы берене боюнча негиз келтирүү керек. Бул уят” деген Салянова баяндамачыны жер каратты. Эл өкүлү болуп, элдин атынан сөз сүйлөп, келечекти аныктай турган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө демилгечилердин бири болуп жаткан Канат Исаев баяндама жасай турган болгон соң мыйзамдарды аныктап алса жер карамак эмес да.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ