Menu

Сапар Исаковдун жолдордон сугунган миллиондору же “Сапсарышка” кантип таасирдүү фигурага айланды

Бөлүшүү:

Ооба, ар бир адам жашоого, жакшы жашоого, жетишкен турмушта жашоого акылуу. Бирок, ошол телегейи тегиз турмушка эч кимди алдабай, элдин ырыскысына кол салбай, жеп-ичпей, таза эмгеги менен жетүүсү керек. Бирок, мындай адамдарды Кыргызстандан күндүз да чырак менен издеп таба албайсың. Тилекке каршы, бул аксиома биздин бүгүнкү анык кейпибиз…

Ушу тапта ажолукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аттанган соң анын ордуна келе турган киши “изделип” жатат. Ошол “издөөдөгүлөрдүн” эң эле “шектүүсү” азыркы администрация башчы Сапар Исаков. Бул бала бүгүн-эртең Өкмөт башчы болуп калуу мүмкүндүгүн КСДПнын айрым депутаттары да ачык эле айтып чыкты.

Баса, Сапар Исаков деген ким, кайдан келген, мурда-кийин ким болгон? Мындай таасирдүүлүккө кантип жетти? Мына ушул суроолор азыр коомчулукту абдан кызыктырып туру.

Акыркы мезгилдерде Алмазбек Атамбаев бул баланы абдан урматтап, болгон ишенимин ушул жигитке арта баштаганы ачык. Аныгында, Сапар Исаков деген учурунда Максим Бакиевдин көздөй көргөн баласы болгондугун коомчулук билеби? Ал, Максим Бакиевге “коррупциялык схемалар” боюнча идеяларды бергени үчүн жагып, жанында оң колу болуп жүргөндүгү көп эле айтылган. Айрымдар, “Сапар Исаков эч кандай Бакиевдин куйругу эмес. Бул баланы маркум Медет Садыркулов тарбиялап өстүргөн”- деп келишет. Бирок, так ошол Медет Садыркуловду Бакиев бийлиги мыкаачылык менен өлтүргөн убакта Сапар так ошол Максимдин “ЦАРИИ” дегенинде “ак эмгек” өтөп жүрбөдү беле. Муну Исаков өзү да тана албаса керек. Мына, ошол Бакиевдин куйругу бүгүн Атамбаевдин жанында жандай көргөн кадрына айланды. Башкаларды “бакиевчилер” деп күнөөлөгөн Атамбаев эмнеге жанында чыныгы бакиевчини алып жүрөт? Муну аңдаган жан барбы? Эсеби эң жөнөкөй…

Сапар Исаков Максим Бакиевге жагып жүргөн “идеяларын” азыр да аткарып, анын арты менен Атамбаевдин жана өзүнүн жеке казынасын кампайтуу менен алектенгенине далилдүү фактылар толтура.

Бир гана мисалына токтололучу. Кытайлык “Чайна Роуд” жол куруу компаниясы көп жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жол куруп келүүдө. Ал, акыркы жылдары, тактап айтканда 2010-жылдан кийин өтө чоң суммаларды жол курууга короткон. Башкача айтканда тышкы карыздын 2 млрд. долларга көбөйүшү “Чайна Роуд” аркылуу жол курууга жумшалган каражаттар. Кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы Кыргызстандын аймагындагы жол куруу боюнча жүргүзүлгөн тендерлерге катышпай эле жол курган негизги компания катары белгилүү болуп калды. Себеби, анын артындагы “көмүскө” колдоочусу Сапар Исаков экени баарына эле белгилүү болбосо керек.

Эми мына ошол компаниянын кантип жол куруп жатканына токтололу. Анүчүн салыштырмалуу эсепке келсек, Кыргызстандын аймагындагы башка жол куруучу компаниялар жолдун 1 чакырымын 500 миң доллардан 750 миң долларга чейин курат. Ал, жолдун курулуусундагы чыгымдарына, жайгашкан аймагына жараша. Ошол эле кезде жол куруучу компаниялар мамлекетке салык төлөшөт.

Сапар Исаков колдоого жана коргоого алган “Чайна Роуд” компаниясы 1 чакырым жолду 1 миллион 535 миң 150 доллардан – 3 миллион 112 миң 468 долларга чейин чыгымдап курган.

Булар, Бишкек-Балыкчы жолундагы 147-172- км аралыгындагы айланма жолду кайрадан оңдоого жалпы суммасы 38 миллион 378 миң 771 АКШ долларын чыгымдаган, ошондо 1 чакырымына 1 миллион 535 миң 150 доллар сарптаган. Арал – Казарман авто жолундагы 195-291 – км аралыгындагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунунун долбооруна 96 чакырым үчүн 298 миллион 796 миң 966 АКШ доллары менен куруп жатышат. Ошондо 1 чакырым жолго 3 миллион 112 миң 468 доллар чыгымдалат. Ушундай эле өлчөмдөгү жолдун бир чакырымын башка компаниялар 750 миң доллар менен куруп берүүнү сунушташкан. Тилекке каршы, Сапар Исаков “көмүскө” кожоюндук кылып, коррупциялык аракеттерин “Чайна Роуд” аркылуу ишке ашырып жаткандыгына байланыштуу башка компанияларга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Ал тургай “Чайна Роуд” мамлекеттин казынасына 1 сом да салык төлөбөйт. Муну менен Сапар Исаков абдан чоң суммадагы каражатты уурдап же ысырап кылып жаткан жокпу? Мына ушундай жүйөөлөр белгилүү болуп турса дагы Максим Бакиевдин эң ишенимдүү, коррупциялык схемаларынын түзүүчүсү Сапар Исаков президенттин жанында эмнеге эркин жүрөт деген суроо жаралат. Мындай келемиштер жазага тартылуунун ордуна бүгүн президенттин эң жакын адамы катары кызматтан-кызматка көтөрүлүп жатканы өкүнүчтүү.

Акыркы жылдары карыздын 2 миллард долларга көбөйүшү Сапар Исаков менен “Чайна Роуд” компаниясына байланыштуу экени анык да. Аталган компания Сапар Исаковдун колдоосуна таянып 2-3 эсе кымбат чыгым менен жол куруп, ээн эркин элди карызга батырып, өздөрү байып жаткандыгын ким токтотот.

Баса, саясый чөйрөдө “Сапсарышка” каймана ысымына ээ Сапар мырза ушу тапта премьер-министр болууга жандалбастап жатат. Эгер бул орунга келип калса дагы канчалаган коррупциялык желелер менен кыргыз эли тордолот? Ойлонбойлубу?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: