Menu

Көлөкөдөгү күчтүү кадрлардын күчүн качан алабыз?

Бөлүшүү:

Кыргыздын көралбастык, эзели оңолбогон ичтарлык сапаттарынын айынан бир катар кесипкөй адистерди бүгүн үйүндө ишсиз отургузуп коюп, чоркокторубуз сахнаны «титиреткенибизди» көрүп аргасыз баш чайкайсың. Адилетсиз замана да. Бүтүндөй өмүрүн өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жаатына арнап келген мамлекетгик жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, сөөгүнөн берки аскер офицери Советбек Арбаев сындуу профессионал кадрлардын ишсиз отурганы кандай? Жүздөгөн курсанттарга, мекен сакчыларына артына салган чыйыр изи менен үлгү болчу Арбаевдей агаларыбыздын күчүн качан алабыз? Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна туш тарабынан коркунучтар алкымдап турганда, Советбек Арбаевдей кесипкөй кадрлардын тажрыйбасы менен күчү ар тараптан тирек болот эле го. Бүгүн да кеч эмес, тиешелүү жетекчилер ушуну ойлонбойбу?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: