Menu

Реформа партиясынын БШКнын 5 млн сом күрөөнү мыйзамсыз кармап калуусу жөнүндө кайрылуусу

Бөлүшүү:
Мурдагы бийлик жана 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан бийликке жаңы күчтөрдүн келүүсүнө жолтоо кылуу максатында партиялардын парламенттик шайлоого катышуусу үчүн 5 миллион сомдук эбегейсиз чоң шайлоо күрөөсү киргизилген. Бирок биздин тарапташтарыбыздын теңдешсиз колдоосу астында краудфандинг жолу менен Реформа партиясы бул күрөөнү чогултуп шайлоого катыша алды.
2020-жылдын 5-октябрындагы элдик толкундоолордун натыйжасында парламенттик шайлоо жараксыз болуп калды да, БШКнын чечими менен жокко чыгарылды. Шайлоонун натыйжалары чыгарылбай калды. Шайлоо процесси аягына чыккан жок. Бирок, биздин кайрылууларыбызга карабай, БШК ар түрдүү шылтоолор менен күрөөнү кайтарып берүүдөн баш тартып жатат. 28-ноябрда биз күрөөнү кайтарып берүүдөн расмий баш тартуу алдык.
Кымбаттуу достор!
Биз жеке пайдабызды көздөп бул каражаттарды алуу үчүн күрөшүп жаткан жокпуз. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, бул 5 миллион сом аларды берген жарандарга жана уюмдарга кайтарып берүүгө жатат. Бизге бул күрөөнү чогултууга жардам кылгандардын ар бири бир сомуна чейин өз каражаттарын кайтарып алышат. Биз ушул каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылабыз, анткени тарапташтарыбыздын алдындагы өз жоопкерчилигибизди сезип жатабыз, алар экономикалык кризис жана пандемия жүрүп жаткан өтө татаал учурда Реформа партиясына жакшы жашоо, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн күрөшкө катышууга жардам катары өз каражаттарын бөлүп беришкен. Азыр бул каражаттарды мамлекет уурдап албоого тийиш, алар бүгүнкү татаал учурда адамдарга кайра кайтарылып берилүүсү кажет.
Биз өз тарапташтарыбызга акчаларын кайтарып берүү үчүн сотко кайрылабыз жана мыйзамда каралган башка чаралардын баарын колдонобуз. БШКсын жоопкерчиликти башка органдарга түртө салбоого, жарандарга каражаттарын кайтарып берүү боюнча мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл алууга чакырабыз.
БУЛ СИЛЕРДИН АКЧАҢАР ЭМЕС!
Реформа саясий партиясы   04.12.2020.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: