2019-жылы мамлекеттик карыз боюнча Армения, Белорусия, Кыргызстанда тышкы карыздан үстөмдүк кылган. Ал эми Казакстан жана Россияда – ички карыз үстөмдүк кылат. Ушүл жылдын октябрь айына карата ЕАЭСгин билдирүүсү боюнча мамлекеттик карыздын көлөмү өскөнү айтылган. Ал эми Армения, Белорусия, Казакстанда мамлекеттик карыздын көлөмү тескерисинче азайган.
Кыргызстанда мамлекеттик карыз 4 млрд 503.5 млн. долларды түзүп, анын ичинен өлкөнүн тышкы карызы – 3 млрд 772.19 млн. долларды (бардык мам.карыздан 83.8 %), ички – 731.31 млн $ (16.2%) түзгөн.
Мунун жыйынтыгы менен алсак 2018-жылдын 1-октябрына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 11 млрд 528 млн сомго өскөн. Бул ички карыздын 9 млрд 385.4 млн сомго, тышкы карыз 2 млрд 143.3 млн сомго өскөнү менен байланыштуу.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ