Menu

Бажы төлөмүн төлөөдөн баш тартуу фактысын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аныкташты

Бөлүшүү:

Бажы төлөмүн төлөөдөн баш тартуу фактысын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөнгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “К.И.Ч.” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны “Honda jazz” үлгүсүндөгү автоунааны ЕАЭБтин бажы аймагына алып келүүдө бажы төлөмүн төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаа бажылык тариздөөдөн 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган автоунаа катары өткөрүлүп 37729 сом суммасында бажы төлөмүн төлөгөн. “Эксперт Югтун” адистерин тартуу менен өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгында бул автоунаа 2005-жылы өндүрүштөн чыгарылгандыгы тастыкталган, алдын ала бажы төлөмүнүн суммасы 523389 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: