А. Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Джусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ