ЖКга жаңы төраганын келиши менен аппаратта бир топ өзгөрүүлөр болоору белгилүү болуп калды. Алсак, ушу тапта аппарат башчылыкка мурдагы КСДПнын депутаты, учурда аталган фракциянын катчылыгын кармаган Абдыманап Кутушовдун келээри күтүлүүдө. Ал эми катчылыкты болсо фракциянын лидери болгон Иса Өмүркуловдун жеке жардамчысы Кылыч Оморов ээлегени калыптыр. Бирок КСДПнын айрым депутаттары катчылыкка талапкер боюнча ичтери чыкпай, башка талапкерлерди сунуштап, төрагага кирип жатышканы тууралуу кеп кетти. Ошондой эле маалымат кызматынын башчысы дагы алмашып, сырттан такшалган кадр келет экен деген кептер бар…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ