Menu

Жумушчу топ БШКга Марат Аманкуловду шайлоо жарышында калтыруу сунушун берди

Бөлүшүү:

Шайлоо жана референдум учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ БШКга Биримдик партиясынын лидери Марат Аманкуловду шайлоо жарышынан четтетүү боюнча жарандардын арызын четке кагууну сунуш кылды.

Жумушчу топ арыз ээси Умай Арыкова өз арызын берүүдө Шайлоо мыйзамынын 28-беренесине таянгандыгын белгиледи.

“Бирок, Аманкуловдун катышуусундагы видео 2020-жылы февралда тартылган, үгүт иштери 4-октябрда башталган, андыктан 28-берене бул учурда колдонулбайт”, – деп белгилейт жумушчу топ.

Арыз ээлери Марат Аманкуловдун билдирүүсүнө укуктук баа берүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылууну көздөп жатышат.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сүйлөгөн видеотасмасы тараган. Видеодо ал: “30 жылдык эгемендүүлүктөн кийин өлкө көз-карашын өзгөртүп, кайра кайтууга мезгил келди” деп айткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары Аманкуловдун бул билдирүүдөн Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сынга алышты.

Партия бул провокация болгонун, сөздөр контексттен алынып салынгандыгын белгилеп, “партия патриоттук платформага негизделген жана биздин башкы баалуулуктар биздин көзкарандысыздыгыбыз, эгемендигибиз, аймактык бүтүндүгүбүз” деп белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: