Рита Карасартова башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июлда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кабарлады.
“Окуу жылы аяктагандан кийин, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Жашасын жарандык активдүүлүк! Өмүр сабагы үчүн өкмөткө ырахмат. Мен эмне кыла алганымды жана эмнени жасай албаганым жөнүндө отчетумду акырындап өз басылмаларыма жарыялайм” – деп жазган Рита Карасартова.
Эске салсак, ал аталган кызматка 2019-жылдын декабрь айында дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ