«Республика-Атажурт» саясий партиясынын лидери Омурбек Бабанов Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп өлкөнүн кайсы тармакта өнүгүшү керек экендигин талкуулап келди. Бабанов, азыркы 21-кылымда өнүгүүнүн эң негизги булагы – билим экендигин белгиледи.
«Мисал катары келтирсем, Apple компаниясынын баасы 500 млрд.доллар, ал эми орусиялык, мамлекеттик, дүйнөдөгү эң чоң газ чыгаруучу ГАЗПРОМ компаниясынын баасы 30 млрд.доллар. Демек, азыр технологиялар алдыга чыкты. Ошондуктан биз балдарыбызга билим берим, ошол тармактуу кетишибиз керек. Мектептерде 3 тилдүү сабактарды беришибиз керек. Эгерде билимибиз болбосо, кара жумушта иштеп жүрө беребиз», – деп айтты Бабанов.
Мындан тышкары жолугушууда, фракция лидери Баткен облусунун тургундары менен аймакты өнүктүрүү боюнча ар кандай маселелерди талкуулады.
https://www.facebook.com/omurbek.babanov/videos/771611129686665/
Булак: Kyrgyzt0day.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ