Menu

Канат Аманкулов, КРнын Дене-Тарбия жана спорт агенттигинин башчысы: “Алдыңкы спортчуларыбыз тилекке каршы жаман иштери менен элге жарнама болуп атышат”

Бөлүшүү:

Өткөн сандарыбыздын биринде Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов маек берип, Дене-Тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкуловдун туура эмес иштери жөнүндө кенен сүйлөп берген. Биз экинчи тараптын пикирин берүүнү дагы туура көрдүк.

— Канат Маратович, быйылкы жылы бюджеттен спорт агенттигине канча сом бөлүндү жана алар кайда жумшалат?

— Бүгүнкү күндө бюджеттен биздин агенттикке 525 млн сом бөлүндү. Алардын ичинде айлык маяналар, соцфондго, телефонго, жылуулукка кетет. 56 млн сом РУОР окуу жайына каралат. Балдардын жашаганына, тамак ашына кетет. 250 млн сомдун тегереги болсо аймактарга жана жалпы спортчулардын машыгуусуна жана Эл аралык мелдештерге катышканга, дары-дармегине кетет.

— Сиз айтып жаткан сумма спортту реформа жасоого жетеби?

— Мамлекет берген акчаны үнөмдүү колдогонду үйрөнсөк акча кенен жетет. Бул үчүн 3-февралдагы коллегияда баарын ачык айтабыз. Кимге канча каражат беребиз баары коллегияда каралат. Ошол каражатты үнөмдөп ким канча сом жумшайт аныктайбыз. Ар бир федерациянын жетекчиси өзү дагы салым кошуш керек. Көбүнчө федерациялардын жетекчилеринин аты бар, бирок спортко инвестиция алып келгенден алыс. Алар менен ачык сүйлөшүп, каражат алып келүүсүн суранабыз.

— Канат Бегалиев менен эмне болуп чырылдашып жатасыздар? Башкы машыктыруучунун жогорку даражадагы сыйлыктарды алуусуна сиз тоскоол болуп жатасызбы?

— Мунун баардыгы калп. Канат Бегалиев менен бул маселе боюнча 31-августта сүйлөшүп, ага түшүндүрүп бергем. Ал мага «Ооба, мен таарынып аткам, агай бул сизден эмес башкалар тоскоолдук кылып жатат го» дегенде, мен аны четке какканмын. Спорттун беш түрү боюнча президенттин аппаратына мен сунуш бергем. Олимпиадага жолдомо алган курама команданын башкы машыктыруучуларын сыйлыкка сунуш кылганмын. Алардын ичинде Канат Бегалиев, Майназаров, Петрашов, Андреев, Маджинов бар болчу. Президенттик аппараттан Маджинов менен Андреев өтүп кетти. Анткени алардын сыйлыктары жок экен деп Канатка айтып бергем. Канаттын Президенттин ардак грамотасын албай калганы боюнча айта кетсем, анын “Даңк” медалы бар. Медалы бар болгондуктан андан жогорку сыйлыктарга сунуш кылышыбыз зарыл. Бул жерде Канат эмоцияга алдырып койду окшойт. Мындан тышкары мен Бегалиевди түздөн-түз күнөөлөгөн эмесмин. Күнөөлөгөн сынга Олимпиадага даярдоо борборунун башчысы Акылбек Назарбековду баш кылып, машыктыруучуларды сынга алганым чын. Жалгыз гана Бегалиев эмес башкалар дагы сындалган. Ортодо бирөө туура эмес маалымат жеткирип же туура эмес түшүнбөстүк болуп кетти.

— Усенкан Майназаров кайсы күнөөсү үчүн кызматтан кетти?

— Олимпиададан кийин допинг боюнча ызы-чуу болуп жатканда аягына чыксын деп эч кимисине эч нерсе деген эмесмин. Андай кийин дагы бир спортчубуздун канынан допинг чыгып калды. Жеке эле ал спортчубуз эмес, текшерип көрсөк башка спортчулардын дагы канында допинг бар экен. Мунун баарын көргөн Усенкан Майназаров күнөөсүн мойнуна алып, өз арызы менен кызматынан кеткен.

— Оор атлетика федерациясы биздин гезитке берген маегинде сизди таптакыр эле аларды кабыл албай, укпай жатканыңызды айтышты?

— Оор атлетикага жардам бермек турсун, биз аларды жакшы эле колдоп жатабыз. Допинг чуусу чыккандан кийин Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Шаршенбек Абдикеримов менен сүйлөшүп, бала томсоруп сынып калбасын деп батир бердик. Иззатка жардам болсун деп бүгүнкү күнгө чейин олимпиаданын жеңүүчүлөрү алчу 45 сом стипендиясын берип жатабыз. Андан тышкары 100 000 сом сотко катышып келсин деп олимпиада комитети жардам берди. Мындан тышкары досторум жардамыбыз болсун деп 50 000 сом чогултуп беришти. Азыр мен дагы сиздин көзүңүзчө 20 000 сом акча бердим. Бир аз кыйналып жаткан экен колдоп коёлу деп чечтик. Усенкан Майназаров дайыма эле жаман жакшы айтышпай, урушпай иштери менен келет, мен дагы колдон келген жардамымды берем. Улан Молдодосовду деле таптакыр келбе деген жокмун. Улан Молдодосовдун атасы Өмүржан агай менен деле мамилем жакшы. Эмнеге ал олтуруп алып ар кайсы жакка, ошол эле убакта сиздердин гезитке көп нерсени айтканына түшүнгөн, таарынган да жокмун.

— Иззат Артыковдун медалынын өзүндө калуусу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

— Сот учурунда допинг кабыл алдыбы, алган жокпу таптакыр маселе көтөрүлгөн жок. Сот башка жагын карады. Юрист катары айтайын сотто Иззат Артыковдун укугу бузулган, спортчу өз убагында маалымат алган эмес деген маселени жактоочулар коюшту. Бул туура тактика. Бүгүнкү күндө соттун акыркы чечими чыга элек. Чечим чыга электе эч нерсе деп айта албайбыз.

— Сотко сиз “Скайп” аркылуу күбө өткөн экенсиз. Улан Молдодосов “Жок дегенде спортчубузга жан тартып сүйлөп, соттордон калыс чечим чыгарып берүүнү өтүнгөн жок” деп жатат?

— Сотто доо арызчы катары эмес, мен күбө катары өттүм. Ал жерде суроо бергенге да укугум жок болчу. Сот учурунда балдардын кандай ката кетиргенин айтпай эле коёюн. Сотко бара жатканында туура маселе койгула деп үйрөтүп кетиргем. Оңдоп кетейин десем сотто олтурган жактоочу менен сот “сиздин сүйлөгөнгө акыңыз жок”-деп мени кагып койду.

— Иззат Артыков мындан ары курама командада машыга береби же чыгарылабы?

— Азырынча курама командада машыга берет. Бирок Эл аралык мелдештерге чыга албайт. Сот иши бүтмөйүнчө баарыбыз эле спортчуну таштап салган жокпуз. Колдон келишинче өзүм баш болуп материалдык жардамдарды берип жатабыз.

— “Көчмөндөр оюну” бүтсө машыктыруучуларды алмаштырабыз, спортто башкача саясат болот” — ​деп айткан элеңиз. Азыр дээрлик машыктыруучулардын баары өз ордунда калыптыр го?

— Бул өтө чоң маселе. Жетекчилерибиздин даражасы абдан төмөн болуп жатат. Канат Аманкулов баарын өзү билип, Кудай болуп алды деп айтышууда. Миң машыктыруучу менен спортчулардын баарын кайда жүргөнүн кантип текшерем? Алардын ыйгарым укуктары бар. Акчаларды бөлүп, колдон келген шарттарды түзүп берип жатабыз. Бирок спортчулар дагы маек берүүдө мамлекеттин жеке саясатына аралашып алышып анан куулукка салып баардык күнөөнү мага оодарып атышат. Өздөрү маселени чечпей, менин иш кабинетиме чейин жетекчилерди сүйрөп киришет. Андай маселени мен чечпейм. Бизге андай иштей албаган жетекчилердин кереги жок. Коллегияда баарын алмаштырып койбосок таптакыр ишибиз алдыга жылбай атат. Каражатты алып өздөрү каалагандай жумшап каржы министри болуп кетишти. Тарбия, ыйман, маданият жагы таптакыр жок. Спортчулардын, машыктыруучулардын ыйманын тарбиясын көрсөткөн кодекс жазып атабыз. Алдыңкы спортчуларыбыз Кыргызстандын жаштарына жакшы үлгү көрсөтүшү керек. Өзүңүздөр билгендей алдыңкы спортчуларыбыз тилекке каршы жаман иштери менен элге жарнама болуп атышат. Мунун баарын жолго салуу биздин чоң саясатыбыз.

— Оор атлетиканын башкы машыктыруучусу эмнеге бекитилбей турат. Федерациянын баары бир адамды колдоп беришсе, сиз бекитип бербей жаткан турбайсызбы?

— Мен башкы машыктыруучуларды бекитпейм. Аны бекитүү олимпиадага даярдоо мектебинин башчысынын укугу. Биз дагы чечпейбиз, коллегия дагы чечпейт. Мен директорлорду бекитем, директорлор машыктыруучуларды бекитет. Бир эле үй-бүлө атасы баласына, баласы инисине өткөрүп бере берген саясатка мен тыюу салам. Кыргызстанда үй-бүлөлүк машыктыруучулардан башка дагы машыктыруучулар бар. Алар дагы келип өздөрүн көрсөтсүн. Биз үй-бүлөлүк машыктыруучулардын саясатын көрдүк, жыйынтыгы жок. Эми ага жол бере албайм, кечирип койсун. Антпесек спортту оңдой албайбыз.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: