Казакстанда «түйүндөгү профилактикалык иштерге» байланыштуу 18-апрелде телеканалдар менен радиолор иштерин токтотушту. Бул тууралуу өлкөнүн Телерадиоберүү боюнча улуттук оператору кабарлады.
«Профилактикалык иштердин макулдашылган жана бекитилген графигинин негизинде каналдар 18-апрелде Астана убактысы боюнча таңкы саат 3төн кечки 5ке чейин өчүрүлөт», – деп жазылган «Казтелерадионун» билдирүүсүндө.
Оператор бул иштердин күндүз аткарылышын «бийик жерлерде жайгашкан антенналык-фидердик жабдуулардын» абалынын текшерилиши менен түшүндүрүүдө.
Мекемеден ошондой эле жабдуулардын бардык комплексинде профилактыкалык иштер жүрүп жаткандыктан, кайсыл бир мамлекеттик же жеке телеканалдарды иштетүү мүмкүн эмес экенин кошумчалашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ