Азык-түлүк өндүрүүчүлөр менен жана аларды Кыргызстанга алып келүүчү компаниялар менен тыгыз байланышта болуп, кызматташып жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик резервден 631 миллион сом бөлүнүп, контракттар түзүлүп, кошумча буудай сатылып алынып жатат.
“Соода тармактарынын, кампа ээлери жана өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүп, соода тармактарына жана аймактарга негизги азык-түлүк запастарын жеткизүүнү күчөтүп жатабыз. Буудай, ун жөнүндө айтсак, биздин атамекендик өндүрүүчүлөргө кошумча 800 млн сом жеңилдетилген насыя каралган” – деди Эркин Асрандиев.
Ал Өзбекстандан жана Казакстандан азык-түлүктөр кирип жатканын айтып, жүк ташуучуларга чек ара ачык экенин, “Чоң-Капка” жана “Ак-Тилек” өткөрмө пункттары ачык турганын, күн сайын ун, суу май өтүп жатканын белгиледи.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ