Menu

ИИМ: Республиканын бардык аймагында масштабдуу ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

КРнын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы башка бөлүктөр менен биргеликте жакында республиканын аймагында укук бузуулардын алдын алууга, кылмыштарды аныктоо жана бетин ачууга, миграциялык мыйзамды бузгандарды аныктоого, кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндөрдү кармоого багытталган кеңири ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын сырткы жана ички кызматтарынын кызматкерлери тартылган.

Бул аралыкта республиканын аймагында 292 кылмыш менен жоруктардын, анын ичинен оор кылмыштардын бети ачылган. Адам өлтүрүү-1, зордуктоо-1, мүлктөрдү уурдоо-115 фактыларынын, 60 ашык алдамчылык фактысынын, 16 -бейбаштык, андан сырткары каракчылык, опузалоо, адам уурдоо, 4 факты сойкулук кылууга тартуу жана ыпластыкка көмөктөшүү, 2 факты экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратуу аныкталып, ок атуучу куралдар жана баңгизаттар табылып алынган.

Кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 20 жаран кармалган. Дайынсыз жоголгон 6 адам табылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында 260 ашык обьект, анын ичинен соода-түйүн комплекстери, эс алуу жайлары, мейманканалар жана башка мекемелер текшерилген. Ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 243 адам жеткирилип, анын ичинде 6 чет өлкөлүк жаран бар.

Бишкек шаарынын аймагында 149 кылмыштардын бети ачылган, анын ичинен 65 уурулук, 38 алдамчылык, 4 тоноо, 2 баңги кылмышы. Бул аралыкта 65 обьект, анын ичинен 4 соода-түйүн комплекси, 34 мейманкана, 27 сауна текшерилген. Ички иштер органдарына өздүктөрүн тастыктоо үчүн 63 жаран жеткирилген.

Ош шаарында 35 кылмыштын, анын ичинде 5 уурулук, 12 алдамчылык, 8 тоноо фактыларынын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 жаран табылып, 14 соода-түйүн комплекстери, эс алуу жайлары жана башка мекемелер текшерилген. Ички иштер органдарына өздүктөрүн сактоо үчүн 31 жаран, анын ичинен 4 чет өлкөлүк жаран жеткирилген.

Ош облусунун аймагында ички иштер органдары 11 кылмыш ишинин, анын ичинен ыпластык аракеттер-1, уурулук-1, алдамчылык-4, тоноо-1, адам уурдоо-1 фактысынын бетин ачышкан. Дайынсыз жоголгон 1 адам табылган. Иш-чара учурунда 18 обьект текшерилип, ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 48 жаран текшерилген.

Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда 47 кылмыштын, анын ичинен адам өлтүрүү-1, ыпласттыкка баруу-1, зордуктоо-1, уурулук-9, алдамчылык-6, бейбаштык-16 жана башка фактылардын бети ачылган. Издөөдө жүргөн 4 жаран кармалган. Ички иштер органдарына 15 жаран өздүктөрүн тактоо үчүн жеткирилген.

Ысык-Көл облусунун аймагынан ИИБдин бөлүктөрүнүн өздүк курамы 20 кылмыштын, ачынын ичинен 14 уурулуктун, 3 алдамчылыктын, 2 эктремисттик багыттагы укук бузуулардын бетин ачышкан. Ок атуучу курал боюнча 1 факты катталган.

Нарын облусунан милиция кызматкерлери 9 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон бир адамдын жүргөн жери аныкталган. 21 обьект текшерилген.

Жалал-Абад облусунан 75 обьект текшерилип, ИИОго 15 жарандын өздүктөрүн текшерүү үчүн жеткирилген. 5 кылмыш ишинин, анын ичинен уруулук, тоноо, баңги кылмыштарынын бети ачылган. Кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 3 жаран кармалып, дайынсыз жоголгон 1 адамдын жүргөн жери аныкталган.

Баткен облусунун аймагынан милиция кызматкерлери 3 кылмыш ишинин бетин ачып, дайынсыз жоголгон 1 адамдын жүргөн жерин аныкташкан. 57 обьект, мейманкалалар, эс алуу жайлары 9 башка обьекттер текшерилген. Андан сырткары ИИОго өздүктөрүн тактоо үчүн 62 адам, анын ичинен 2 чет өлкөлүк жаран жеткирилген.

Талас облусунун аймагынан ИИБдин милиция кызматкерлери 2 кылмыштын, аынын ичинен 1 адам өлтүрүүнүн бетин ачышкан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы иш-чаранын жүрүшүндө 11 кылмыштын бетин ачышкан.

Кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 5 жаран кармалып, ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 9 жаран жеткирилген. 19 обьект текшерүүгө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: