Menu

Тажикстанда экс-судья 12 жаштагы кызга зомбулук көрсөтүүгө айыпталууда

Бөлүшүү:

Душанбенин Фирдавси райондук соту 12 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү адепсиз жорук жасаган деп айыпталып жаткан мурдагы судьянын ишин карай баштады.

Сотко жабырлануучу катары катышып жаткан кыздын атасынын айтымында, 13 жылдан бери коңшулаш жашап келген экс-судья быйыл июнь айында кызын коркутуп, сексуалдык мүнөздөгү адепсиз иши аркылуу өзүнүн жыныстык муктаждыгын канааттандырган:

–Кылмыш иши алгач «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети» беренеси менен козголгон. Бирок кийинчерээк жазасы кыйла жеңилирээк «Адепсиз иштерге баруу» беренесине өзгөртүлдү. Эмнеге мындай болуп калганын сурасак, зордуктоо болбогонун, соттолуучу өзүнүн жыныстык муктаждыгын гана канааттандырганын айтышты.

Медициналык текшерүү кыздын зордукталбаганын ырастаган.

Айыпталуучунун адвокаты бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Экс-судьянын туугандары айыптоолор «толугу менен негизсиз» жана «ушак» экенин билдиришүүдө.

Ал 30 жылдан ашык сот органдарында иштеп, беш жыл мурда пенсияга чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: