Menu

Албек Ибраимовдун артынан Эмир Чукуевге кезек келеби?

Бөлүшүү:

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун тээ «Дастан» ишканасынан бери чиркешип келе жаткан Эмир Чукуев аттуу сүйгүнчүк кадры бар. Учурда «Манас» аба майданын жетектейт. Бу чиновникти Атамбаевдин доорунда Албек Ибраимов өзүнөн кийин аба майданга калтырып кеткенге үлкөн салым кошкону айтылып жүрөт. Атамбаевге тийиштүү кадрлар четинен кылтакка илинип жаткан азыркыдай шартта «Манас» аба майданынын башчылыгы жең ичинен талашка түшүп, бул орунга көз кызартып жаткандардын катары калыңдап жатканынан кабардар болдук. Эмир Чукуевдин ишенген таянычы Албектин башына иш түшкөн соң, жакында өзүнүн да кызматынан кош айтышаары боюнча кеп кетти. Чукуев эмес, андан чоңдору кызматтарынан кантип шыпырылганын билбей калып жатышкан чакта Чукуев ким болуп калыптыр? Эми кызматка түркүк болгон ким бар экен? Буюрган убакыт-сааты бүтсө кызматынан кете берсин да, туурабы?

Канжар Борпошов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: