Menu

Чүйдө агасы менен иниси уруша кетип, инисин балта менен чаап салган

Бөлүшүү:

Сокулук районунда адам өлтүрүү боюнча бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28 октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:17 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Анда 69 жаштагы А.М. иниси 64 жаштагы А.Д. менен уруша кетишип, балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында алган жаракатынан улам окуя болгон жерден ал каза болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган 69 жаштагы А.М. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: