Menu

Мукар Чолпонбаев, ЖКнын мурдагы төрагасы: Өлкө башчысына жардам берүүгө ишеничибиз бар

Бөлүшүү:

– Мукар аба, жакында президент Жээнбеков өлкөбүз эгемендикти алгандан берки экс-премьер-министрлер менен экс-спикерлерди кабыл алып, сүйлөшө турганын билдирди. Бул жыйындан сиз эмнени күтөсүз?

– Бул жыйындан мен позитивдүү жыйынтык күтөм. Себеби, мамлекеттик кызматкер деген бир күндө же бир жылда даярдалбайт. Анан эле мамлекеттик кызматкерлердин баарысын «бул акаевчил, тигил бакиевчил, сен атамбаевчилсиң» деп бөлүп отурган туура эмес. Президент болуп шайланып келгенден кийин «команда менен келдик, команда менен кетебиз» дешкендери да туура эмес. Ошондуктан, биз жаманбы-жакшыбы, убагында кадрлар менен иштегенбиз. Азыр болсо алакандай Кыргызстанда кадрлардын жетишсиздигин баарыбыз көрүп турабыз. Баарысы булганган. Эгерде президент менен жолугуп калсак, өлкө башчысына дал ушул кадрдык саясат жагынан сунуш айтып, жардам беребиз го деген ишенич бар.

– Өлкөбүздүн экс-өкмөт башчылары менен мурдагы спикерлеринин тажрыйбасын эске алып, бүгүнкү бийлик аларды кызматка тартса болот беле?

– Эмне үчүн болбосун? Эгерде экстердин арасынан тазалары болсо, мамлекеттик кызматтарга кайрадан тартып, аларга ишенсе болот. Бүгүнкү күнгө чейин камакка алынган эки экс-премьер-министрди эске албаганда, дээрлик башка эч кимиси деле жоопко тартылган жок. Андыктан, тазаларын кызматка тартса болот.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: