Бишкектин Биринчи Май райондук соту 3-ноябрда 26 жаштагы И.К. карата чечим чыгарды.
Маалыматка ылайык, кыз порнографияны тараткан.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы августта И.К. вебкам-студиясын (аралыктан интимдик кызмат көрсөтүүчү жай) ачкан. Ал Логвиненко көчөсүндөгү элиталык имараттан батир ижарага алып, ал жерге компьютердик жабдууларды орнотуп, ыплас иштерди жасаган. Ал белгилүү бир суммага АКШдан жана Европадагы кардарлар үчүн жылаңач денесин көрсөткөн.
Сотто кыз күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнгөн. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Порнографиялык объектилерди жайылтуу”) боюнча күнөөлүү деп тапты.
И.К. 6 айга интернет аркылуу маалымат таратууга байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүү укугунан ажыратылган жана 30 миң сом айып салынган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ