Мөңгүлөр «Кумтөр» ишканасыз эле эрип жок болууда. Бул тууралуу бүгүн Суу кодексине өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидромет борборунун директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев билдирди. Анын айтымында, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы оор. Ак-Шыйрак аймагында 436 чарчы метрде 165 мөңгү жай-гашкан. Азыр күндүн ысушына байланыштуу мөңгүлөрдүн аян-ты 12,5 пайызга кыскарды. Бул туурасында Асанкожоев: «Окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, климаттын глобалдуу өзгөрүүсү мөңгүлөрдүн эрип жок болушуна олуттуу таасир берип жатканын ырасташты. Ал эми “Кумтөр” кени 12,5 пайыз гана таасир берүүдө», – деп айтты. Чынын айттыбы же алчусун алып коюп коомчулукту жайгаруу амалын көрүп жатабы, айтор «Кумтөрдүн» мөңгүлөрдүн эришине таасири жок дегенди айтып, ансыз да эрип жаткан мөңгүлөрдү талкалай берсин дегендей логиканы кыйытты. Окумуштуу болбосоң коё кал.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ