Menu

Тажикстанда ММК ишмердүүлүгү маалымат кодекси менен жөнгө салынат

Бөлүшүү:

Маалымат кодекси медиага тиешелүү бардык мыйзамдарды камтыйт.

Парламент депутаттары документ постсоветтик мейкиндикте биринчи жолу жазылып жатканын, аны даярдоодо журналисттердин жана ММК редакцияларынын пикирлери эске алынарын билдиришти. Тажикстандын медиа уюмдары жана журналисттери кодекске ММК ишмердүүлүгүн чектей турган мыйзам нормалары кирбейт деп үмүттөнүшүүдө.

Парламенттин эл аралык иштер, коомдук байланыш жана маалымат комитетинин башчысы Олим Салимзода жаңы кодексти даярдоодо телекоммуникация жана маалыматка тиешеси бар мыйзамдар, андан тышкары бул тармактагы эл аралык документтер изилденип жатканын айтты.

Тажикстан Көз карандысыз ММКлар ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоев кодекске журналисттердин укуктарын жана милдеттерин да так жазуу керек деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: