Menu

Видео – Асейин Саралаев: “Бир облустун эли бири-биринен чек ара талашып, жакалашып сабашып, кытай басып келе жаткансып “жардамга” чакырып жүрсө, ушундай эл менен кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө болобу?”

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-6-июнь күндөрү Кочкордон Кумбелдеги жайытына көчүп келе жатышкан малчыларды Нарындыктар (району) жайлоого өткөрбөй, чабандарды бирден жакалап сабап, чыр чыгарышкан. Бул тууралу белгилүү блогер Асейин Саралаев төмөнкү мазмундагы пост жазды:

“Кыргыздын ата салтында жайытына көчүп келе жаткан көчтүн жолун тоскон ит адат болчу эмес…  Эгер тоскондор чыкса аларды чычырканакка бөлөп өлтүрчү экен. Эки акмактай болгон айыл өкмөттүн аңкоо саясатынын айынан Нарын районунун Жерге-Тал жана жана Кочкор районун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн эли жыл сайын жайыттан улам кырды-бычак болушат. Эми минтип Жерге-Талдыктар Кочкор районунан Долонду ашып Кумбелдеги ӨЗ жайытына көчүп келе жатышкан 10 үй-бүлөнүн көчүн мал-жандары менен кошо өткөрбөй жол тосушкан экен. Кыргыздын салтындагы эң абийирсиз жоосун катары эсептелген көчтүн жолун тороп жаман жорук башташыптыр… Булардын кылыгын көрүп кыргыз жерине ок, таш атышкан тажиктер менен чек араны маселесин чечүү аябай эле опурталдуу иш экенин түшүндүм. Кыргыздын жеринде, бир облустун ичинде, өз жайытына бир райондун малчыларын бир район киргизбей жолду тосуп, көчтү токтотуп, бирден кармап уруп-согуп бузукулук жасап отурушса тажиктерди жек көрүп эмне кылабыз анда? Деги эле ушул эки райондун ортосундагы Чубактын кунундай чубалган чатакты бир дагы губернатор чече албай койду. Кезинде союздук методго салып ар кайсы чоңду жаш баладай кылып тургузуп алып зиркилдеп урушуп, хайп кылып, публично кемсинткенди жакшы көргөн Канатбек Мураталиев деле чече алган эмес! Аны айтпай эле койгулачы нервди кайнатып! Жайыт баарына жетишет… Мыйзам баарынан улук… Көчтү тоскон ит адатыңарды токтоткула!!! Анан чочкодой болуп Кытай каптап келе жаткансып, көчтү тартып “ЖУКАЛАП САБАП АТАБЫЗ, ЭЛДИ КЕЛГИЛЕ” деп коозутуп, жардамга чакырып аткан эшекбашты жазага тарткыла же БАТКЕНГЕ жиберип чек ара кайтарткыла!!! Сөздүн кыскасы жол тоскон Нарын районунун тургундары укмуш баатыр экенсиңер! Өнөрүңөр өргө чапсын! Миң жашагыла! Ар бириңердин төшүңөргө экиден жок Брежневдикиндей төрт-беш “СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН БААТЫРЫ” дегендей алтын орден тагып Артек лагерине жиберсе да аздык кылат! Каармандыгыңарга шек жок экен! Молодцы!!!

PS. Тиги машинедеги эргул Нарындын Сексалюсу окшойт да? Нарындыктар “жукалап” дебейт “жакалап” дейт? Болбосо жаканы жука деп калышты беле?”

Асейин Саралаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: