Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери чет өлкө жарандарын Кыргызстандын жасалма паспорту менен камсыздап, анан да интернеттеги социалдык тармактар аркылуу активдүү экстремисттик үгүттөрдү жүргүзүп жүргөн Борбордук Азиянын бир өлкөсүнүн Б.Н. деген жаранын кармады.
Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өз өлкөсүндө террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыш иштерин жасагандыгына байланыштуу издөөгө алынган ал жаран Кыргызстанда С.А. деген атка берилген жасалма документ менен жашап келген.
Учурда прокуратура органдары тарабынан кылмыш ишин козголуп, тутулган шектүү УКМКнын УКЖсына киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Булак: Kyrgyz Today
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ