Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген кыз аман калды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 15-январда, саат 19:00 чамасында Бишкектеги Жибек жолу проспектиси менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде болгон. Ал жердеги беш кабаттуу үйдүн 4-кабатынан М.С. аттуу 19 жаштагы кыз секирген. Окуя болгон жерге милиция жана тез жардам кызматы барган. Аман калган кыз Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылып, дарыланууда. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 136-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ