Menu

Мыкы күйөрмандарынан кечирим сурайт

Бөлүшүү:

Өткөн жумада интернет булактарына тамашоучу Мыкыга окшогон жигиттин аты аталган видео тараган. Видео чыгаары менен коомчулуктун катуу талкуусуна калган. Айрымдар «бул Мыкы эмес» деген пикирлерин билдиришсе, интернет колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү «Мыкы экени көрүнүп турбайбы, уят» деп сынга алышкан. Кийинчерээк Мыкынын сахналаштары «Мыкы мас экен, анын эсинде жок», -деп аны актап чыгышкан.

Ал болгон ишке өкүнөөрүн төмөнкү билдирүү менен күйөрмандарына кайрылды:

«Достор, акыркы жума мен үчүн жашоодогу эң оор жума болду. Адам баласы болгондон кийин баарыбыз жаңылат экенбиз. Бул ката мен үчүн жана башкалар үчүн дагы чоң сабак болду десем жаңылышпайм. Мен болгону туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калдым. Ал эми көрө албаган адамдар ошол учурдан пайдаланып, жеке жашоомо кийлигишип, каралоо максатында элге жаманатты кылышты. Ал күн менин эсимде жок. Чын. Бул окуядан кийин мен башты жерге салып чөгүп кеткен жерим жок, ошол эле учурда эрдик кылдым деп мактанбайм. Чөгүп кеткендей законду бузган жокмун, бирөөнүн көзүнө чөп салган жокмун, киши өлтүргөн жокмун. Бойдокмун. Ушундай жаман окуяга кабылганым үчүн менин чыгармачылыгымды жакшы көргөн адамдардан кечирим сурайм. Эң негизгиси менин жакын адамдарым чындыкты билишет жана түшүнүү менен туура кабыл алышты. Эми мындан дагы катуурак иштеп, сиздерди өзүмдүн чыгармачылыгым менен сүйүнтө бермекчимин. Ошондо чыгармачылыгымды каалашынча талкууласаңар болот. Ал эми жеке жашоомо аралашпооңорду суранам, ар кимдин жеке жашоосу ар кимдин өзүнүн иши. Туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деген ойдомун».

Анын катталуучуларынын басымдуу бөлүгү Мыкыны колдоого алып, жаштыкта боло берет деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: