-Бишкекте студент балдар менен мушташып, алардын бирин бычактап салган жаран 6 жылга соттолду. Тиешелүү өкүмдү Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев чыгарды. Соттун чечимине ылайык, 1988-жылы туулган Марсел Өмүралиев “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” боюнча күнөөлүү деп табылган. Эске салсак, окуя 2016-жылдын 18-октябрь күнү саат 13:00 чамасында Чүй-Абдрахманов көчөсүндө орун алган. Анда аялы менен бараткан жаран менен 10го жакын студент балдар мушташа кетишкен. Жыйынтыгында студент балдардын бири 2000-жылы туулган А. У. Бычактан жаракат алган. Кийин ал ооруканага жеткирилген. 23-октябрда бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган М.Ө. кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, окуянын келип чыгышына студент балдардын бири аялы менен бараткан жаранды видеого тартканы себеп болгон. Ошондой эле кармалган жарандын мурда мал уурулук боюнча соттолгону жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кьшмыштуу тобунун мүчөсү экени айтылган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ