Menu

Ички паспортторго «улуту» графасы киргизилет

Бөлүшүү:

Өкмөттүн тапшырмасы менен Мамлекеттик каттоо кызматы ички паспортко (ID-карт) «улуту» графасын кайра киргизүү маселесин карап жатат.

Өзгөртүү 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттарга киргизилип, бюджет үчүн кошумча чыгымдарды алып келбейт. Каттоо кызматы бул ишти аткарууга даяр, ага жаңы жабдуу жана бланктарды сатып алуу талап кылынбайт.

Болжол менен «улуту» графасын киргизип, Тышкы иштер министрлиги аркылуу аны башка өлкөлөр менен мыйзамдаштырууга 90 күн жетиштүү болот.

Бүгүнкү күндө калкты документтештирүүнү көзөмөлдөгөн нормативдик-укуктук актыларды тууралоо иштери башталды.

Мекемеден белгилешкендей, ID-картка «улуту» графасы жарандын каалоосу менен жазылат.

Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майынан тартып бериле баштаган жаңы паспортто жарандын улуту тууралуу маалымат документтин баарына көрүнүп туруучу сырт жагына эмес, ичине тиркелүүчү чипке жазыла баштаган. Ал паспорттордун сыртына аты-жөнү, туулган жылы жана күнү, паспорттун жарактуу мөөнөтү деген сыяктуу жалпы маалыматтар гана чыгарылып, калганы ички чипке камтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: