Menu

Израиль Газага сокку урууну улантууда

Бөлүшүү:

Израиль эки суткадан бери Газа тилкесиндеги объектилерге абадан сокку урууну улантууда.

Шаршембиде Израилдин чабуулунан улам Газада эки киши өлдү. Палестиндердин арасында курман болгондордун жалпы саны 12ге жетти.

Эки сутка ичинде Израиль 250дөй ракета учурду. Алардын бир бөлүгү атып түшүрүлдү. Израиль тараптан 40 киши жаракат алганы кабарланууда. Израилдин түштүгүндө сирена үндөрү жаңырып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Газа менен чектеш калктуу конуштарда мектептер жабылды.

Шейшембиге караган түнү Израиль Газа тилкесине сокку уруп, «Ислам жихады» тобунун кол башчыларынын бири Баха Абу ал-Атта өлтүрүлгөн.

Сириялык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Израиль Дамасктагы «Ислам жихады» тобунун дагы бир лидери Акрам аль-Ажуринин үйүн да аткылаганын, анда эки адам мерт болгонун, бирөө Ажуринин уулу экенин маалымдаган.

Палестинадагы куралдуу топтор Израилге жооп иретинде Тел-Авив баштаган бир канча шаарларды ракета менен аткылашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: