Menu

Орусияда колледж студенти курдаштарына ок атты

Бөлүшүү:

Орусиянын Амур облусунун административдик борбору Благовещенск шаарында колледж студенти курдаштарына ок чыгарып, андан соң атынып өлдү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Кол салуудан 17,19 жана 20 жаштагы үч өспүрүм жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери окуу жайдын экинчи кабатынан 19 жаштагы куралчан студентти таап, алардын ортосунда атышуу болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча көп өтпөй студент өзүнө катталган аңчылык курал менен атынып өлгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 14-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондордо болгон. Кечигип келген студентке сабактан чыгып кетиши керектиги айтылгандан кийин ал курдаштарын аткылай баштаган. Күбөлөр кеминде беш жолу ок атылганын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: