19-ноябрь күнү Ноокат районунун Караке айылындагы эски мечиттин ордуна курулган жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул боюнча Ноокат районунун башкы имам-хатиби Маматкасым ажы Турдубаев билдирди. Маалыматка ылайык мечиттин ачылуу аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кувейт мамлекетинин “Табарак” кайрымдуулук фондунун генералдык директору доктор Тарик, фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Анарбек ажы Жусупов жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев катышты. Ачылыш аземде коноктор сөз сүйлөп, жалпы жамаатты куттукташты. Андан соң демөөрчүлөргө ыраазычлык билдирилип, ардак грамота ыйгарылды.
Эскерте кетсек, аталган мечит Кувейт мамлекетинин “Табарак” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен 2016-жылдын май айында башталып, заманбап үлгүдө 2 кабаттуу болуп бүткөрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ