Menu

Сапар Исаков КРнын Өзбекстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 2-ноябрда, Ташкент шаарындагы КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республкиасындагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

КРнын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков Өкмөт башчысына элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнүн мааниси  өз өлкөсүнүн кадыр баркын көтөрүп, ал жакка инвестиция тартуу.

Андан ары Өкмөт башчы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын Улуттук Университетинде жайгашкан Чынгыз Айтматов Өзбекстанда» аттуу туруктуу экспозициясына барды.

Экспозицияда жазуучунун чыгармалары, китептери, анын статьяларынын электрондук көчүрмөлөрү жана анын өмүр жолун чагылдырган сүрөттөрү коюлган.

Экспозиция чыгармачыл борбор катары пайдаланылып, ал жакта мугалимдер мастер-класстарды жана баарлашууларды өткөрүп турат. Ошондой эле университеттин пландарында жаш изилдөөчүлөрдүн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий эмгектеринин жыйнактарын чыгаруу белгиленген.

Сапар Исаков экспозицияга Чынгыз Айтматовдун сегиз томдук чыгармалар жыйнагын тартуулап, жазуулар китебине өз каалоо-тилектерин калтырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: