Menu

Казакстанда терроризди пропагандалоого шектелген эки киши камалды

Бөлүшүү:

Казакстандын Щучинск шаарындагы райондук сот өздөрүн «салафиттер» деп атаган эки жергиликтүү тургунду — 30 жаштагы Галымжан Абилкаиров менен 28 жаштагы Дадаш Маженовду эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарды.

Адвокат Бахыт Сулейменованын айтымында, айыпталуучулардын экөөсүнүн тең социалдык түйүндөгү баракчасынан тыюу салынган диний баяндардын аудио жазуулары табылып, «терроризмди пропагандалаган» деп шектелүүдө.

«Алар интернетте эч нерсе таратпаганын, болгону диний баракчага жазылып, аудиолорду уккандыктарын айтышууда. Социалдык түйүндө бирөөсүнүн 420, экинчисинин 300 досу бар», — деди адвокат.

Камакка алынган Галымжан Абилкаировдун жубайы Жадыра Бекенова сөз болуп жаткан аудиожазууларды күйөөсү менен Дадаш Маженов 2016-жылы «ВКонтакте» социалдык түйүнүнөн угуп, кийин өчүрүп салышканын билдирди.

«Эки жыл мурда ал файлдар мыйзамдуу болчу, анткени ал кезде тыюу салына элек болчу. Алар аудиону угуп, өчүрүп салгандан кийин 2017-жылы тыюу салынган. Бирок файл Интернеттин базасында (google-cash) сакталып калыптыр, аларды кийин атайын кызматтын өкүлдөрү таап чыгыптыр», — деди Жадыра Бекенова.

Анын айтымында, Дадаш Маженовдун «ВКонтакте» түйүнүндөгү баракчасы эбак эле өчүрүлгөн.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан расмий кайрылуусуз бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: