Menu

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 1-ноябрдан тартып борборлоштурулган жылуулук бериле баштады

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 1-ноябрдан баштап борбордук жылуулук берүү тармагына туташтырылган абоненттерге жылуулук берүү башталды. Кечээ шаар мэри Мураталы Тагаев бул тууралуу буйрукка кол коюп, анда тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнөн билдиришти.

Буйрукта менчигине карабастан шаар аймагындагы бардык объекттерде 2018-2019-жылдагы жылытуу мезгили 1-ноябрдан башталганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалына, Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук камсыздоо бирикмесине, Жалал-Абад электр тармактар мекемесине, “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына тииштүү милдеттер жүктөлдү.

Бардык отканаларда отказандардын, жылуулук берүү тармагынын  талаптагыдай иштеши үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу, айрыкча социалдык мекмелерде, атап айтканда, ооруканаларда жана балдар мекемелеринде, мектептер менен балдар бакчаларында, көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук камсыз кылуунун талаптарын так сактоо милдеттендирилди.

Ошондой эле аба-ырайынын кескин жылып кеткен учурда жылуулук берүүнү убактылуу токтото туруу жагы да көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы шаардагы мекемелер кышка карата даярдыктарды алдын ала көрүшкөн. Жалал-Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо бирикмеси шаардагы 10 көп кабаттуу үйлөрдү борбордук жылуулукка кошуп, зарыл өлчөмдөгү көмүр жана мазутту сатып алган жана кампаларга жайгаштырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: