Menu

Таабылды Тиллаев, депутат: Суунун баасын эл төлөй алгандай кылып көтөрөлү

Бөлүшүү:

Таабалды мырза, бүгүн Жогорку Кеңеш 60 күн каттоосуз жүрүү боюнча кошуна Тажикстан менен келишимдин долбоорун карады. Бул келишим бизге эмне берет?

– Тажикстан менен негизинен Баткен облусу чектешет. Ал борбор калаадан алыс болгондуктан, негизги карым-катнаш, соода-сатык жагы дагы Тажикстан аркылуу болот. Андыктан, бул мыйзам чек аралаш жашаган элге бир топ жеңилдиктерди берет. Текшерүүлөр аз, мүмкүнчүлүктөр көп болсо, бул жакшы да. Элдин биримдигине оң таасир этет.

– Бирок, коопсуздук жагынан маселе пайда болбойбу?

– Коопсуздук- бул башка маселе. Мыйзамда бири-бирине паспорту жок кирүү эмес, өлкөлөр ичинде эки ай каттоосуз жүрүү тууралуу сөз болуп жатат. Ошол эле чек ара кызматы, башка органдар өз милдетин жүргүзүүгө тийиш.

– Жайкы каникул учурунда ЖМКларда «депутат Тиллаев суунун баасын көтөрүүнү колдоптур» деген маалымат тарап кетти. Колдогонуңуз чынбы?

– Бизде суу, мындайча айтканда, бекер эле да. Сууга миллиондогон доллар кредиттерди алып жатабыз. Ал кредиттер биздин шаарларга, райондорго, айыл өкмөттөргө алынууда. А кайра төлөө да ошол субъектилерге жүктөлүп жатат. Эртең арадан он, он беш жыл өткөн соң ал кредиттерди кайта төлөш керек болот. Мен ойлойм, сууну өтө жогору эмес, эл төлөй ала тургандай баасын койсок, ошондо баарыбыз суунун баркын билет элек. Бут нерсенин баасы болуш керек да.

Анда дагы эле ошол позицияда экенсиз да?

– Ооба. Ар бир нерсенин баасы болот да. Бензинди, нанды сатып алып атпайбызбы. Элдин баары «таза суу» деп суранууда. Анүчүн суунун баасы болуш керек.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: