Menu

“Бир бол” Мурашев менен бирге болгон жок

Бөлүшүү:

“Кара галош”, “чирик картошка”, эт эмес же чел эмес иш алып баруу, сын дооматтын министрликтин дарегине жаашы, Абылгазиевдин жеке өзүнүн ага карата сыны чоң муштум министр Мурашевди иштен кетүүгө аргасыз кылды. Ал турсун, партиялаштары да аркасын салып, жүздөрүн буруп кетти. Антпеген-де кантишмек? Алар да арачага түшө берип көңүлдөрү калган сыяктуу. Себеби, Мурашев арыз жазары менен фракция лидери ушуну эле күтүп тургансып, партиянын лидери Сулайманов бош калган айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлик кызматына жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөттү. Сулайманов: «Премьер-министр колдойт деп ишенебиз. «Кезек жаштарда. Келечек жаштардыкы» деп айтабыз. Келечекти күтпөй, аны жаштарга бүгүн бергенибиз туура болот», – деди Сулайманов. Токтогазиевди учурда социалдык тармакта ар кандай сындап жатышат. Теплицадан башы чыкпаган “балашканы” жарабайт десе, айрымдар мыкты экенин белгилеп, жаштык дараметине ишеним артууда. “Мен быйыл 20 сотыхка капуста эктим, эмдиги жылы жакшы болсо, кийинки жылы талапкерлигимди министрликке коём” – деди, бир интернет колдонуучу.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: