Европа биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлери коронавирус пандемиясы башталгандан бери алгачкы жолу Брюсселде жолугушту. Анда күн тартибиндеги негизги темалардын бири ЕБ менен Түркиянын ортосундагы мамиле болду.
Кипр менен Грекиянын министрлери чалгындоо максатында Түркиянын Кипр жээктеринде башталган мунай бургулоо иштерине карата тынчсыздануусун билдиришти.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-спикери Жозеп Боррель август айында Түркияга карата чаралардын тизмеси түзүлөрүн, эгер Анкара Грекиянын эгемендик укуктарын бузса, алар күчүнө кирерин билдирди.
Түркия Евробиримдиктин Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндөгү аскердик-деңиз операцияларын айыптап, алар Анкаранын БУУ тарабынан таанылган Ливиянын улуттук келишүү өкмөтүнө жардам берүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын билдирип келет. Өз кезегинде ЕБ Ливиядагы зомбулук актыларынын жайылуусунун алдын алуу үчүн бул өлкөгө курал-жарак жеткирүүгө эмбарго киргизиши керектигин айтууда.
Акыркы күндөрү европалыктар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Стамбулдагы Айя-София музейинин макамын өзгөртүү жөнүндөгү жарлыкка кол койгондугу жөнүндө кеп кылышууда. «Евроньюс» дүйнөлүк маданий жана тарыхый эстеликти мечитке айлантуу чечими «бүткүл Европа биримдигинин жашоочуларынын айыптоосуна кабылганын, алар бул чечимди жокко чыгарууну талап кылып жатышканын» жазды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ