Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголиянын футболчулары менен беттешет. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, биздин футболчулар 12-октябрда Монголиянын Улан-Батор шаарына учуп кеткен. Буга чейин улуттук курама командасы Бишкекте өткөн мелдеште Мьянманы 7:0 эсебинде утуп алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ