Ош шаарында бүгүн, 10-июнда, 2010-жылдагы июнь окуяларын эскерүү боюнча иш-чара болуп өттү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.
Анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, каза болгондордун туугандары жана Ош шаарынын тургундары катышышты.
Митинг-реквиемде Өкмөт башчы сөз сүйлөп, катышуучулар “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, каза болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ