Menu

Ырчы Робин Жээнтаев: «Сүйүү жашка карабайт» дейт, ашыгы өзүнөн бир топ жаш улуубу?

Бөлүшүү:

Бул ырчы мырзанын атын укканда көпчүлүк сөзсүз өз атын жашырбай эле чыкса болмок экен деген пикирди такалбай айтышат. Анткен менен Робин деген ысымды ата-энеси азан чакырып койгонун буга чейин радио, гезит, сайттарга берген маегинде баса белгилеп, эч кандай лакап эмес паспорттогу ысымы экенин тастыктаган. Дал ушул өзгөчө ысымга ээ Робин Жээнтаев быйыл шоу дүйнөдөгү чоң агымга бой таштап ыр артынан ыр, клип артынан клип тартып эмгектенип жаткан кези. Май айында «Ардагым» аттуу ырынын клибин жарыкка чыгарса, эми «Сүйүү жашка карабайт» деген аталыштагы Ильяз Агыбай уулунун чыгармасына жаңы жасалга менен клип тартып бүткөнүн продюсери Курманбек Ниязбеков сайтыбызга кабарлады. Клипмейкер Улан Шеркуловдун сөзүнө таяна турган болсок, монтаж иштери бүтөөр замат экрандан көрөт экенбиз. «Сүйүү жашка карабайт» деп ырдап калганына караганда Робин өзүнөн бир топ улуу же алдаганча кичүү кызган ашык болуп калган өңдүү. Ал жагы азырынча бизге караңгы. Аны клипти көргөн соң гана билет окшойбуз. Ырчыга ийгилик каалап, жаңы эмгегин күтө туралы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: