Menu

Нарында мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү менен жаш активисттер жана университеттин студенттери арасында жолугушуу болду

Бөлүшүү:

9-июнда Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери жаш активисттер, университеттин мугалимдери жана студенттери менен жолугушуу болду. Бул туурасында ИИМдин Басма Сөз кызматы маалымдайт.

Бүгүнкү жолугушууда укук коргоо органдарынын жана Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жаштар менен студенттердин ортосундагы чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу абалын колго алды. Жолугушууга Өкмөттүн Нарын областынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыпов, Нарын областынын ИИБнын жетекчилиги, андан сырткары, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, факультеттин деканы Диана Пауна, университеттин тарбия иштери боюнча менеджери Эрик Краус катышышты.

Нарын шаарынын жаш активисттери чет өлкөлүк конокторго белектерин берин, өткөн окуя боюнча кечирим сурашты. Артынан Борбордук Азия Университетинин студенттери да сөз сүйлөп, чыр-чатак түшүнбөстүктөн келип чыкканын айтышып, келечекте достук мамиледе болушаарын белгилеп кетишти. Университеттин эки кызматкерлерине жергиликтүү жаштардын өкүлдөрү улуттук баш кийим “Калпак” кийгизишип, “Манас” эпосу китебинен экини сыйлоо ирээтинде тартуулашты. Университеттин мугалимдери да сүйлөө учурунда түшүнбөстүктөн келип чыккан бул окуя жокко чыгарылганын жана кийинки мамилени жакшыртуу менен өнүктүрүүгө үмүт артаарын белгилешти. Азыркы убакта Нарын шаарында абал туруктуу.

Эскерте кетсек, Коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) кылмыш иши козголгон. Керектүү материалдар чогултулуп, окуя толугу менен тергелип жатат. ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматынын ИИОнын кызматкерлеринин аракеттери боюнча териштирүүнү башташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: