Menu

Кымбат Самудинова, ырчы: “Колунан келгени, келбегени деле ырчылык өнөргө аралашып келүүдө”

Бөлүшүү:

Кыргыз кыздары турмуштун сыноосуна сынбай, эки тизгин, бир чылбырды тең кармап ишке да, үйгө да бирдей жетишип келишет. Мына ошондой айымдардын бири, Бишкек шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн “Доор” фольклордук ансамблинин солисткасы, С.Чокморов атындагы Аламүдүн районунун маданият үйүндөгү “Арка-Сыры” ансамблинин көркөм жетекчиси Кымбат Самудинова менен маек курдук.

– Кымбат эже, чыгармачылык дүйнөнүн оор жана жеңилине токтоло кетсеңиз?

– Чыгармачылык дүйнө аябай эмгекти, изденүүнү талап кылат деп ойлойм. Сахна алдына жаркырап ырдап чыгып койсо, ырчылардын баары  эле  өнөр адамдарына жеңил, жыргал деп келишет. Ал эми сахна артындагы кыйынчылыктар өтө эле көп да. Андыктан чыгармачылыктын жеңил дагы, оор дагы жагы көп дээр элем.

– Жеке турмушка ырчылыктын залакасы тиет дегендерге кандай пикирдесиз?

-Албетте тиет экен, айрыкча айымдарга.
Ар бир эле аял заты үчүн бактылуу болуу, турмушта өз ордун таба билүү алдыңкы орунда болсо керек. Мен деле Бишкек шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн “Доор” деген фольклордук ансамблде солистка болуп иштейм, андан тышкары Сүймөнкул Чокморов атындагы Аламүдүн районунун маданият үйүндө “Арка-Сыры” ансамблинде көркөм жетекчимин.  ушул кыялдарым орундалса экен деп тилечүмүн. Турмуш деген ар кандай болот тура, жаңылдым. Тандаган адамым менен бир боло албадык. Бирок мүңкүрөп, кайгырып, чөгүп калган жокмун. Мен жалгыз эмесмин, жашоомдун жарыгы, маңызы алтын кызым бар, мага дем-күч берет. Чыгармачылыгымды  жана  жеке жашоомду бирдей алып кетем деген оюм тилекке каршы ишке ашпай калды.

 – Азыр  “Атың чыкпаса жер өрттө” дегендей атактуу болуш үчүн эмнелерди гана кылбай калышты. Негизи мега популярдуу болуу оорбу?

– Азыркы учурда ырчылар үчүн конкуренция аябай көп. Колунан келгени, келбегени деле ырчылык өнөргө аралашып келүүдө. Бардык нерсеге эл тараза, эл сынчы. Андыктан элибиз  өздөрү  талантына жараша тандап алышат го.

 – Атаандаштыкка кантип туруштук берүүдөсүз? Азыр ырчы, дастанчы, фольклор багытында ырдагандар абдан көп… 

-Атаандаштык деген болуп туруу керек деп ойлойм, анткени сенин алдыга өсүп, умтулууңа жакшы таасирин берет. Ал эми көрө албастыкка көңүл бурбоону чечкем.

– Комуз сиз үчүн….

-Кубанганда, кайгырганда менин жөлөгүм комуз. Отуруп алып бир топко ырдайм, көңүлгө топтолгон муң-кайгы кайдадыр тарап кеткенин өзүм да сезбей калам. Комуз кармап, чертип ырдап калганыма аябай сыймыктанам. Кудайымдын бул өнөрдү мага ыроологонуна миң мертебе ыраазымын.

 – Аял заты балалуу болуп үйдө отурганына карабай тынымсыз иштеп, каражат табууга аракеттенет. Сизде да ошондой болсо керек. Андай учурда балдарга эне катары толук мээрим бере албай калдым деп кыжаалат болгон учурларыңыз болду беле?

 Ооба, жашоо менен эмгектенип күрөшүүгө туура келет. Андыктан менин деле бала менен үйдө отуруп эс алганга убактым болгон жок, иштегенге мажбур болдум. Төрөп эле ишке чыгып кеттим. Төрөгөн күнүмдөн тартып,азыркы күнгө чейин алтыным апам жанымда. 1 жашка чейин бул жакта биз менен болду, андан кийин кызымды айылга алып кетти. Ошондо ар кайсыны ойлоп, жаман болдум. Албетте апам менден кыйын багат дечи, ошентсе да энелик сезимби билбейм, кыжалаат болуп жүрдүм. Азыр кызым жанымда, эми ал үчүн бардыгына даярмын. Ошол күндөрдү эми толуктайбыз деп ишенем. Асылым, алтыным, кеңешчим, жөлөк-таягым апама миң мертебе алкыш демекчимин.

–  Кызганчааксызбы?

 Керек учурда кызганып коем. Кызгануу болуш керек, бирок чеги менен. Ашыкча кызгануу бул оору деп ойлойм.

 – Өзүңүздү өнүктүрүп туруу үчүн кандай ыкмаларды колдоносуз? Маселен китеп окуу, тренингдерге баруу?

 Моюнга алыш керек, көптөн бери китеп окубай калдым. Мурда аябай окучу элем, тренингдерге деле барбайм.

  Аял заты акыл менен эмес, эмоция менен гана чечим чыгарат деген ойго кошуласызбы?

 Эми беш кол тең эмес да, толук кошула албайм. Анткени чечим айымдар үчүн деле маанилүү нерсе. Кыргызда “Жети өлчөп бир кес” деген жакшы кеп бар го.

– Учурда кайда эмгектенесиз?

-Учурда Бишкек шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн “Доор” фольклордук ансамблде солистка болуп иштейм, андан тышкары Сүймөнкул Чокморов атындагы Аламүдүн районунун маданият үйүндө “Арка-Сыры” ансамблинде көркөм жетекчимин. Эки жерде тең элибиздин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы эже агаларыбыз менен иштейм, алардын кеңешин угам, аларды карап өзүмө керектүү жагын алып түздөнөм.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: